АКШда 90 жаштагы карыя йогурттун ордуна сырдай турган боёкту жеп алды

АКШда 90 жаштагы карыя жакшы көргөн йогуртунун ордуна эмеректерди сырдай турган боёкту жеп алган. Бул тууралуу социалдык тармактын бириндеги баракчасына Алекс Стейн аттуу колдонуучу жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, окуя Нью-Йоркто мындан бир нече күн мурун болгон. Интернет колдонуучунун билдирүүсү аз убакыттын ичинде кызуу талкууга алынган.

“Чоң атам Бобби 90 жашта, ал йогуртту аябай жакшы көрөт. Апам жума сайын ага ваниль даамданган йогурттан 6,5 литр сатып келет. Чоң атам бизге йогурт менен эмерек сырдай турчу боёкту алмаштырып жеп алганын билдирди. Аны дарыгерлерге көрсөттүк, учурда абалы жакшы. Чоң атам бизге тамашалап боёк йогуртка караганда даамдуураак экен деп күлдүрдү”, - деп жазган Стейн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
almanbetperm
2019-03-04 09:11:49
Анан???
0
Jazu90
2019-03-04 11:48:34
Жакшы болуп кетсин маанайы жакшы экен дагы байкуштун. Бизге да 90 жаш берсин Кудайым
+2
Sagidko88
2019-03-04 15:11:52
какой он смешной)) оорубасын)
0
Umka22
2019-03-04 16:36:37
Куудул го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан