Украинадагы шаарлардын биринин мэри өзүнө каршы уюштурулган митингге келди

Украинадагы шаарлардын биринин мэри өзүнө каршы уюштурулган митингге келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 1-мартта Украинанын Олевск шаарында болгон. Аталган шаардын мэри Олег Омельчук өзүнө каршы уюштурулган митингге келип, алдыңкы катарда "Мэр өзүнүн тарапташтары менен бирге коомдун укуктарын кысымга алып жатат" деген жазуусу бар плакатты кармап турган.

Митингдин катышуучулары мэрди тааныган эмес. Аны нааразычылык акциясын чагылдырууга барган журналисттердин бири байкап калып, социалдык тармактардагы баракчасына сүрөтүн илген.

"Митингдин катышуучулары кимге каршы чыгышканын билбейби? Мына сага!" - деп билдирүү калтырган журналист.

Көпчүлүк социалдык тармактардагы колдонуучулар акциянын катышуучулары мэрдин каршылаштары тарабынан башка шаардан акчага жалданып келген деп болжолдошкон. Алардын бири "мэрдин өзү митингге катышканы үчүн акча алды бекен?" деген суроо салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2019-03-04 09:21:31
Nursbaike, чындыкка дал келбеген, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. БАН!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан