Индиянын Уттар-Прадеш штатында 1 сутканын ичинде 2 адамды маймылдын үйүрү өлтүрүп кетти. Мындай маалыматты "Daily Mail" басылмасы жазды.
Маймылдардын курмандыгы болгон эки адамдын бири 60 жаштагы аял. Ал бастырманын алдында тамак жасап жатканда маймылдар келип кол салган. Алардан качам деген аял жыгылып кетип ооруканага жеткирилген. Алган жаракаттарынан улам ал ооруканада каза болгон.
Ушул эле күнү маймылдар тарабынан дагы бир адамга кол салуу болгон. Ошол эле айылга коңшу жайгашкан айылда үйдүн чатырында жүргөн 20 жашар жаранга үйүр барып кол салган. Жабыркаган адам чатырдан кулап кетип каза болгон.
Акыркы учурда Индияда маймылдардын үйүрүнүн адамдарга кол салган учурлары көп кездешүүдө деп жазат басылма. Жергиликтүү бийлик бул жандыктар кескин көбөйүп кеткенин айтып, калк жайгашкан аймактардагы жапайы маймылдарды тузакка түшүрүүнүн жана азайтуунун жолун издеп жатышат.