Жарандык активист Адил Турдукулов: "Мамлекеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы ачык болушу керек"

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана кен иштетүү комитетинин жыйынында айлык акы боюнча депутат Кожобек Рыспаев менен "Кыргыз алтын" ААКсынын башчысы Алмаз Алимбеков кайым айтышты.

"Кыргыз алтын" ААКсынын башкаруучу курамында иштегендердин айлык акысы тууралуу суроого Алимбеков "эмгек акы талкууланбашы керек. Бул коммерциялык, корпоративдик маселе" деп жооп берген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керекпи?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.

Ал мамлекеттик бюджеттен айлык алган чиновниктердин айлыгы көмүскөдө эмес, ачык болушу шарт экенин айтты.

“Бюджеттин эсебинен айлык алган чиновниктердин айлыгы коомчулукка ачык болушу керек. Анткени алардын айлыгы деле орто айлыктан ашып кетпейт. Ошондуктан коомчулукка маалым болушу абзел. Жогорку Кеңештин депутаттары чиновниктердин айлык акысын сурап, анын ачыктыгын талап кылышат. Анткени мамлекеттик ишканада иштегендер айлык акы боюнча маалыматты жаап-жашырбай эле ачык жооп бериши керек”, - деди Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Аида Исмаилова, Айнуру Алтыбаева, Айсулуу Мамашова жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан