Таиланддык миллионер кичүү кызын алган жигитке сыйлык берүүнү убада кылды. Мындай маалыматты чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазууда. Анда белгилүү болгондой, миллионер болочоктогу күйөө баласы менен кызы экөөнө байлыгын да өткөрүп бермекчи.
Таиланддагы дуриан өстүргөн ири плантациянын ээси Арнон Родтхонг аттуу миллионер Карнсита аттуу кичүү кызына бизнесин өткөрүүнү убадалаган. Бирок ага бизнесин өткөрүп берерден мурун "турмушка чык" деген шарт койгон. Ал эми күйөө бала издеп жатканы тууралуу миллионер социалдык тармактардын бирине жарыя илген.
Кыздын колун сурап, жүрөгүн багынта турган жигит эмгекчил, тырышчаак, баңги заттарын колдонбогон, акча сайып кумар ойнобогон, дуриан өстүрүүнүн сырларын билген адам болушу керек экенин жазган. Кызын алган жигитке Родтхонг 10 миллион бат (кыргыз сомуна 21 миллиондон ашык сом) төлөп берерин убадалаган. Мындан тышкары түгөйлөргө өзүнүн миллиондогон долларлык бизнесин өткөрүп берерин айтат.
Бир күндүн ичинде миллионер жүздөгөн талапкерлерден билдирүүлөрдү алган. Талапка жооп берген күйөө баланы аныктоо үчүн болочоктогу кайната турнир өткөрүп, 1-апрелде жеңүүчүнү аныктамакчы. Күйөө бала болууга талапкерлер турнирде эмне жарышка түшөрү ачыктала электигин жазат басылмалар.
Ал эми миллионердин кызы Карнсита атасынын бул жоругуна чычалаган деле эмес. "Мен көп тандай бербейм. Мага кечелерге чогуу барганга жана селфиге түшкөнгө ылайыктуу эркек болсо болду. Мен өзүм деле ашкан сулуу эмесмин. Ошондуктан сырткы келбети деле маанилүү эмес", - деген ал.