Сыйкырдуу дүйнөгө жетелеген Венеция карнавалы жыйынтыкталды

Эки жума аралыгында туристтерге өзгөчө майрам тартуулаган Венеция карнавалы 5-мартта жыйынтыкталды. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган карнавалга жыл сайын жарым миллиондой турист келери маалым болду.

Венеция карнавалынын качан болору чиркөө календарына карата белгиленет. Италияда негизинен католик динин тутушат. Диний ишенимге ылайык бул карнавал ооз бекитүүгө 12 күн калганда башталат. Бул жылы 16-февралда башталган эле.

Венеция карнавалы XI кылымдан бери өткөрүлүп келет. Бирок маскаларды кийүү салты эки кылымдан кийин башталган. Маскалар катуу кагаздан, териден жасалат. Мурун аларды баалуу таштар менен кооздоп келишсе, азыр ар бир туристте маска сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-03-07 02:57:38
Ушул куну кылмышкерлер жыргайт кен
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан