Парижде 65 жаштагы миллиардер жыныстык мүчөсүн чоңойтуучу операция учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бельгиялык миллиардер Эхуд Ари Ланиадо (Ehud Arye Laniado) дүйнөдөгү ири көлөмдө алмаз ташын сатуу менен алектенген ишкер катары белгилүү. Анын байлыгы тууралуу так маалымат жок, бирок болжол менен 10 миллиард доллардын тегереги экени айтылып келет. Ал Монакодогу эң кымбат пентхауска ээлик кылып келген, анын баасы 35 миллион евро турары маалым.
"Миллиардер кечээ операция жасоо үчүн жыныстык мүчөсүнө ийне сайылган учурда анын жүрөк оорусу кармаган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга бүт аракеттерин жумшашкан, бирок көрсөтүлгөн жардамга карабастан каза болуп калган. Миллиардердин сөөгү өзүнүн мекени Израилге коюлмакчы. 2013-жылы Ланиадо жана анын өнөктөшү салык төлөөдөн качууга шектелишкен. Жоопкерчиликке тартылбоо аракетинде ал 160 миллион евро төлөп берген", - деп айтылат маалыматта.
Маркумдун жакын досу чет элдик маалымат каражаттарынын бирине: "Ланиадо байлыгына карабастан өзүнүн кыска боюнан уялчу. Бою тууралуу эсепчиси банктык эсептеги акчасынын суммасын айткан учурда гана ойлочу эмес. Эсепчиси бир күндө бир нече жолу ага кирип, бул маалыматты айтып турар эле", - деп билдирген.