Буга чейин "Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамында Бишкекте тынчтык жүрүшкө чыгарын билдиришкен. 6-мартта акциянын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жүрүшкө чыгууга тыюу салганын билдирген болчу.
Бирок кыймылдын мүчөлөрү жүрүшкө чыгууга тыюу салган соттун чечими берилбегендиктен жүрүшкө чыгуу максатынан кайтпай турганын айтышкан. Көп өтпөй алар эртең, 8-Мартта жүрүшкө чыгуусуна уруксат берилгенин жарыялашты.
"Бизди колдогондордун реакциясы менен Бишкек шаардык мэриясы мурдагы чечимин өзгөрттү. Биз 8-Март күнү саат 10:00дө "Россия" кинотеатрынын алдына топтолобуз. Андан ары жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигине чейин уланат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми "Кырк чоро" бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бул чечимге каршы экенин билдирип чыкты.
"Мына биздин өкмөт, Бишкек мэриясы, Бишкек ШИИББи. Ак калпакчан аталарга, жигиттерге ак элечекчен апаларга, эже-карындаштарга 5-мартта жөө жүрүшкө уруксат бербей, атайын даярдалган программаны үзгүлтүккө учураткан. Бүгүн батыштын идеологиясын колдоп, батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарга, 8-Мартта жөө жүрүшкө уруксат берип колдоп жатат", - деген билдирүүсүн жазган.
Айрым маалыматтар боюнча, мэрия "Кырк чоро" бирикмесинин билдирүүсүнөн улам "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылына жөө жүрүшкө тыюу салган.