Буга чейин "Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамында Бишкекте тынчтык жүрүшкө чыга турганын билдиришкен. Бүгүн, 6-март күнү акциянын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жүрүшкө чыгууга тыюу салганын билдирген кат жибергенин кабарлашты.
Мэрия өз катында тынчтык жүрүшкө тыюу салганын, бул күнү борбордук аянтта көп сандаган адамдардын катышуусунда майрамдык иш-чаралар орун ала турганын жана жүрүшкө катышпаган адамдардын ал тынчсыздануусун жарата турганы менен түшүндүргөн.
Бирок кыймылдын мүчөлөрү жүрүшкө чыгууга тыюу салган соттун чечими азырынча берилбегендиктен жүрүшкө чыгуу максатынан кайтпай турганын белгилешүүдө.
Аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган мындай иш-чара Бишкекте 3 жылдан бери өткөрүлүп келет. Алар жүрүштү "Россия" кинотеатрынын жанынан баштап, борбордук аянтты кыдырып, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына барышат.