Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын ар кандай маселелер саатында депутат Пархат Тулендыбаев Аламүдүн районунда бала бакчалардын жетишсиздиги курч көйгөй болуп жатканын билдирди.
"Өлкө аймагында акыркы 5 жыл аралыганда бала бакчага барган балдардын саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Бала бакчага бара турган курактагы ар бир төртүнчү бала бакчага барып жатат. Анын жетишсиздиги Бишкектин четиндеги Маевка, Төмөнкү Ала-Арча, Пригородное, Ак-Дөбө, Октябрь айылдарында абдан маселе жаратууда. Чүй облусунун Аламүдүн районунда 26 бала бакча бар, ага балдар тиешелүү сандан 30 пайызга көп кабыл алынган. Бул жагдай балдардын ооруп калышындагы негизги себептеринин бири.
Жыл башынан бери Аламүдүн районунда бала бакчага кабыл алынган балдардын саны 3 миң 596га жетти. Ал эми бала бакчага кирүү үчүн кезекте турган балдардын саны 3 миң 60ты түзүүдө. Ушул кунгө чейин чечилбей келген маселелердин бири бала бакчалардын жетишсиздиги болууда.
2013-жылы Кара-Жыгач айыл аймагындагы Бек-Туу айылында бала бакчанын курулуш иштери башталган, ал 120 орунга ылайыкталган, сметалык наркы 36 миллион сом, курулушуна 12 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. Андан сырткары Көк-Жар айылында 140 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу башталган, сметалык наркы 48 миллион сом, курулушуна 9 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы мектепке чейинки мекемелерди курууга, бул жагдайдын чечилишине көңүл бурууга чакырам", - деди депутат.