Депутат өлкөдөгү өнөр жай объектилерин этап-этабы менен куруу демилгеси боюнча мыйзам долбоору башаламандык жаратпайбы деп кызыкты

Бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, этап-этабы менен долбоорлоо жана куруу концепциясы оптималдуу вариант экенин билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев "бул мыйзам долбоорун киргизерде көз карандысыз экологиялык экспертизанын корутундусун эске алдыңыздар беле?" деген суроо узатты.

Буга Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев: "Бул мыйзам долбоорунда экологиялык экспертизанын жүрүшү жөнүндө жана мөөнөттөрү жөнүндө так маалымат көрсөтүлгөн эмес. Биз комплекстүү экспертизаны түзүп жатпайбызбы, ага ылайык, экологиялык, курулуш жана өрткө каршы экспертизасынын корутундусу бир жерден каралып чыгарылат", - деди.

Депутат: "Сиздерге бул мыйзам боюнча көз карандысыз экологиялык экспертиза 11 барактан турган сунуш бериптир, анда бир топ маселелер көтөрүлүптүр. Алар бул мыйзам долбоорун алып келсе башаламандык жаралат деп жатышат. Өнөр жай боюнча мыйзам долбоору кайсы ишканаларга багытталып кабыл алынууда? Өнөр жай оңой эмес да туурабы? Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга эмне тоскоолдуктар болуп жатат? Мыйзам долбоору кабыл алынса кандай иштер аткарылат?", - деди депутат.

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары өлкөдө кенди иштетүүчү 20 объект бар экенин билдирди.

Акматалиев: "Мурунку мыйзамга ылайык, долбоордук документ 100 пайыз иштелип чыкмайынча курулушка уруксат берилчү эмес. Өнөр жай объекттери өзүңүз билгендей, көп объекттен турат, мисалы, "Жер-Үй" 70-80 объектти камтыйт. Эгер долбоорлорду жана объектилерди айкалаштырып жүргүзө турган болсок, анда курулуштун мөөнөтү кыскарат, инвесторго да жакшы шарт түзүлөт. Бул нерсе бардык өнөр жай объектилерине тиешелүү болот".

"Мурунку мыйзам эмнесине жол бербей жатты эле? Качан ишке кириш керек болчу? Сиздер тиешелүү документтерди качан бүтүрүшүңөр керек эле? Буга чейин эле бул иштер 100 пайыз бүтүп, жумуш башталышы керек болчу. Мен мыйзам долбоорун колдойм, курулушчуларга маселе жок, бирок өнөр жай оюнчук эмес. Биринчи этабын курдуңар, этап-этап кылып, анан экинчи этабында жооп берилбей калса эмне болот?", - деди депутат.

Акматалиев: "Жер-Үй" боюнча 80 объектти толугу менен иштеп чыгуу үчүн 3-4 жыл керектелет. Долбоорду иштеп чыгууга көп убакыт талап кылынууда", - деди.

"Анда биз Жер-Үйдүн объектилерин карабай эле, анын запасын карап эле сатып жатыптырбыз да. Эмне жумуш болот, кандай объект кирет? Мындайча айтканда, мамлекетте эч кандай программа жок экен да. Эптеп эле алтындын килограммын сатып жатыптырбыз, сиздердин жообуңуздар ушул ойго кептеп жатат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан