АКШда түгөйлөр үйлөнүү той уюштурушуп, ага чакырылган келинчектин курбусун үйлөнүп жаткан кыз-жигит экөө тең сүйүп калган. Сүйүү үч бурчтугу тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Огайо штатынын жашоочусу 22 жаштагы Каралин Генри жигити Жастинге 5 жылдан бери аны кыздар кызыктырарын айтып келген. Жигит анын мындай өзгөчөлүгүн түшүнүү менен кабыл алып, кыздар менен сүйлөшө берсең болот деп уруксат берген. Мындан соң Каралин Түндүк Ирландиянын тургуну Лана аттуу кыз менен интернет аркылуу байланышып, сүйлөшө баштаган.
2018-жылдын октябрь айында түгөйлөр үйлөнүү тоюн уюштуруп, ага Лананы чакырышкан. Конок кызды жаш жубайлар ошол тойдон биринчи жолу көрүшкөн. "Биз үчөөбүз ошол күнү кол кармашып, көпкө чейин чогуу ырдап бийледик. Ошол күн эч эсимден кетпейт", - дейт Каралин.
Каралин менен Лана экөө тең кыздарды да, эркектерди да бирдей жактыра берген (асексуал) адамдар экенин жана ал үчөө тең бир төшөктө уктай бергени эч кимисине ыңгайсыздык жаратпаганын жашырышпайт. "Жолдошум Жастин асексуал эмес, бирок ал биздин мамилебизге түшүнүү менен карайт. Лана экөөбүз бири-бирибизди сүйгөнүбүз менен интимдик жакындыкта болбойбуз", - деген ал.
Түгөйлөр Каралин менен Жастин окуучулук кезинде таанышышкан. Анда Каралин эки жыныстын өкүлдөрүн тең бирдей сүйө берерин байкай элек болгон. Кыз бул тууралуу үй-бүлөсүнө айтарда абдан коркконун эскерген. "Мен кыз болуп туруп кызды жакшы көрүп калуу кандай экенин түшүнгүм келди, бирок ошол эле учурда жигитимден да кол үзгүм келчү эмес", - дейт ал. Жастин сүйүктүүсүнүн бул абалы тууралуу укканда кыз менен деле, эркек менен деле мамиле түзө берүүсүн шарттап берерин билдирген.
Мындан соң Каралин 2016-жылы Лана менен интернет аркылуу таанышкан. Ал маалда Лана кандын оорусу менен жабыркап жүргөн, дал ушур учурда Каралин ага көп колдоо көрсөтүп, жазып турган. 2017-жылдын февраль айында Лана залалдуу дарттан толук айыккан.
Ал эми Жастин жубайынын курбусу жана сүйүктүүсү Лананы үлпөт тойдон бир көрүп эле жактырып калганын айтат. Учурда бул сүйүү үч бурчтугу үчөөнү тең канааттандырат. Каралин АКШнын мыйзамдарында 3 адамдын үйлөнүүсүн шарттаган мыйзам жок экенине өкүнөрүн айтат. Ал эми бул түгөйлөрдүн айланасындагы көпчүлүк алардын мамилесин жийиркеничтүү деп эсептешет.