Жаңы тренд: Манжанын шакек салган жерине бриллиант чөгөрүп жатышат

Жаңы аталган тренд "манжадагы пирсинг" деп аталат. Мындай маалыматтар жана сүрөттөр интернет тармагында тароодо. Анда манжанын шакек салган жерине баалуу таштарды жана бриллиантты терини тешип туруп чөгөрүп коюшат.

Социалдык тармактар аркылуу бул көрүнүш популярдуу болууда. Баалуу ташты манжага чөгөргөн адистер бул коркунучсуз жана бир нече жыл аны чыгарбай жүрө берсе болорун айтышат. Колуна таш чөгөрткөндөр ынгайсыздыктарын да санап, жазышууда. Маселен, бул кооздук менен манжаны кууш жерлерге салганда, кол кап кийгенде жана спорттун бокс түрү менен машыкканда ыңгайсыз келерин санашат.

"Ар дайым шакек салынып жүргөндөр күнгө күйгөн учурда шакектин орду ак боюнча калып калган жагымсыз көрүнүштөн арылтат экен", - дегендер да бар. Баалуу ташты чөгөрүү үчүн колдун тиешелүү жери тешилип, ага темир орнотулат. Андан соң анын үстүнө кардар тандаган каалаган ташы чөгөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sary-Bala
2019-03-07 17:53:12
Фууу жанын кыйнап не кереги бар
+8
Nur777
2019-03-07 18:20:00
Бриллиантын манжа-панжасы менен кесип кетсе не болот ууру-каракчылар?
Же инфекция кирип воспаление болсо манжасын ампутация кылып салат деп коркушпайбы?
+5
futboler
2019-03-07 18:56:55
Тфу
-2
Dembele84
2019-03-07 19:17:31
Трендин менен кара жерге киргирлер.Экинчи суроттогу кимдин колу болсо да колун тазараак жууп и тырмагынын астын кирден тазалап албайбы биринчи,бриллиант тагып модник болуп корунбой...
+2
aminali
2019-03-07 19:55:47
Dembele84,Олтурдун го ))))))))!
-1
bond02
2019-03-07 22:05:19
Биз койдун кулагына бирка басканда журок зырылдайт го, буларга оз жанынан да мода артык окшойт.
0
Pomposhaku
2019-03-08 02:27:21
Жарашпайт деле экен,даарат,гусул да отпойт ко...
+2
Kymbatym
2019-03-08 07:03:17
Обу жок көпкөндүк
0
vikidiki
2019-03-08 15:09:19
Суктанарлык деле корунбойт го. Эмнеси тренд? Азыркы модага тушунбойсун. Камырды кантип жуурат дер кой. Ха ха!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан