Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.

Суроого Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Атыр Абдырахматова жооп берип, аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрү, айлык маяналары, жашоо-шарттары бирдей болуш керектигин белгиледи.
“Мыйзамда, Конституцияда аялдардын укуктары эркектердин укугу менен тең деп жазылган. Алардын мүмкүнчүлүктөрү, айлык маяналары, жашоо-шарттары бирдей болушу керек. Бирок реалдуу жашоодо андай эмес. Биздин мамлекетте аялдардын тең укуктуулугуна, мүмкүнчүлүктөрүнө шарттар түзүлгөн эмес. Айымдардын орду үйдө болуш керек деген ой калып калган. Бизде кесиби боюнча жогорку кызматка көтөрүлгөн кыз-келиндерди колдой беришпейт. Көпчүлүк аялдардын кесиби боюнча көтөрүлгөнүн көргүлөрү келбейт. Аялдар табиятынан ишти туура пландаштырганга, үнөмдүүлүк кылганга шыктуу. Аларга болгон зордук-зомбулук чоң көйгөй бойдон турат. Күйөөсү менен аялдын мамилеси жакшы болбой жатса дагы аялдарды күнөөлүү деп айтабыз. Мамиле бузулганга эки тарап күнөөлүү да”, - дейт Абдырахматова.
Вице-премьер-министр
Алтынай Өмүрбекова, "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы
Дарика Асилбекова, журналисттер
Махинур Ниязова, Мирлан Самыйкожо, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин
бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.