Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.

Журналист
Эркин Рыскулбековдун айтымында, Кыргыз өлкөсүндө аялзатынын укугун коргогон мыйзамдар бар, маселе ал канчалык иштеп жатканында.
“Мамлекеттик деңгээлде карай турган болсок, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарында жазылгандай аялдарга жетиштүү эле көңүл бурулуп жатат. Муну бир нече факты менен карасак болот. Жогорку Кеңеште аялдар үчүн квота каралган. Израил мамлекетине салыштырмалуу биздин айымдар аскер кызматына чакырылбайт. Мындан тышкары көп балалуу эне деген статустар каралган. Мунун баары мамлекет тарабынан аялдар үчүн жүргүзүлгөн жакшы саясат деп эсептейм. Жакында эле үйдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын карап отурган энелерге айлык акы төлөп, ошол эле учурда алардын эмгек стажы жүрө турган мыйзам иштеп баштады. Жогорудагылар кагазга жазылган боюнча айтылды. Бирок коомчулукту алып карай турган болсок, аялдарга көңүл буруусу бир аз төмөн”, - деди Рыскулбеков.
Вице-премьер-министр
Алтынай Өмүрбекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Атыр Абдырахматова, "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы
Дарика Асилбекова, журналисттер
Махинур Ниязова, Мирлан Самыйкожонун пикирлерин
бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.