Эртең, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы. Бул күн Кыргыз мамлекетинде да белгиленет.
Аялдардын түйшүгүнө көңүл буруу, аларды коргоо, укуктарынын сакталышын камсыздоону максат кылган майрам алдында SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети аялзатына жетиштүү көңүл буруудабы?" деген собол салды.

Суроого "Ак жүрөк" кризистик борборунун башчысы
Дарика Асилбекова жооп берди. Ал жашоо-шарты оор аялдардын абалына мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин айтты.
"Аялзатына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатат деп айтсак болот. Кыйынчылыкты көтөрө билген - бул аялзаты. Азыр аялдар бала багат, үй иштерин жасайт аны менен катар иш бөлмөсүндө кадимки кызматын аткарып жатышат. Коомдогу эркектер жасаган иштин баарын аялдар жасай алат. Мамлекет аялдарга даремети жетишинче көңүл буруп жатат десек болот. Бирок мындан да жакшы көңүл бурса жакшы болмок. Жумушума байланыштуу турмуш-шарты оор аялдар тууралуу билем. Алар социалдык жактан колдоого муктаж. Ошол абалга кептелип калышына эмне себеп болгонуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл. Алардын мүмкүнчүлүктөрү, билимине жараша жумуш орундарын түзүп берүү керек. Ошол жагынан караганда мамлекет аксап жаткандай. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине акча бериле турган болду. Мындай балдардын түйшүгүн баккан энеси гана билет. Алар бул маселени көтөрүп чыгышты, мамлекет укту. Мамлекетибиз өнүксө дагы көңүл бурулат деген ойдомун", - деди Асилбекова.
Вице-премьер-министр
Алтынай Өмүрбекова, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
Атыр Абдырахматова, журналисттер
Махинур Ниязова, Мирлан Самыйкожо, Эркин Рыскулбековдун пикирлерин
бул шилтеме аркылуу окусаңыз болот.