Селфи аркылуу өздөрүнүн жашоосун көпчүлүккө мактангысы келген орусиялык кыздарга майрамга карата жаңы кызмат сунушталды. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, жарнамалык сайттардын бирине Екатеринбургда кыз-келиндер гүл кармаган мырзаны унаасы менен ижарага алса боло тургандыгын жарыялаган. Мындай жарыялар көп жайгаштырылып жатканы кошумчаланат маалыматта.
Бул кызмат үчүн кардар пайдаланган шарттарына жараша 350 рублдан баштап 1000 рублдан жогорку бааны төлөшөт. Кызмат ээлери социалдык тармактагы баракчаңыз аркылуу мурдагы сүйгөнүңүзгө же курбуларыңызга каалагандай мактана аласыз деп жазышат.
Майрамга карата уюштурулган кызматта реквизит катары колдонууга белекке берүүгө оролуп-кооздолгон iPhoneX телефонунун кутусу, 35 даанадан 101 даана розага чейин салынып оролгон букеттер, Lexus NX жана Infiniti унаалары бар. Мунун катарына мырзалар да кирет. Бирок алардын жүзүн толук көрсөтүүгө болбойт, колун, далысын көрсөтүп же артын карап кардары менен сүрөткө түшсө болот. Кыздар кызматты канчалык көп пайдаланса ошончо төлөм көбөйөт. Мындан тышкары кызмат көрсөткөндөр өздөрүнүн сүрөтчүлөрүн да сунушташууда.