Түштүк Кореянын 15 жылга эркинен ажыратылган экс-президенти Ли Мён Бак абактан бошотулду

Түштүк Кореянын 15 жылга эркинен ажыратылган экс-президенти Ли Мён Бак 1 миллиард вон (886 миң доллар) күрөө менен абактан бошотулду. Мындай чечим 6-март күнү өлкөнүн Жогорку Соту тарабынан кабыл алынганын жергиликтүү ЖМКлар жазууда. Андагы маалыматка караганда, соттун мындай чечим чыгаруусуна Ли Мён Бактын ден соолугу начарлап кеткендиги да түрткү болгон.

Ли Мён Бак өзү каттоого турган үйдө гана жашоого, жакын туугандары жана мыйзамдуу өкүлү менен гана сүйлөшүүгө милдеттендирилди.

Ли Мён Бак коррупция жана бийликти кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптуу деп табылып, Сеул соту тарабынан 2018-жылдын октябрында 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал өзү тагылган айыптарды четке кагып келген.

Ли Мён Бак 2002-2006-жылдары Сеул шаарынын мэри болуп иштесе, 2008-2013-жылдары Түштүк Кореянын президенти болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
timoha81
2019-03-08 19:43:23
Бизге да ушундай керек болуп турат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан