
Американын Флорида штатынын учагы кулап, 5 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кичинекей учак "Тамп" эл аралык аэропортунан учуп чыгып, Окичоби көлүнө кулап түшкөн. Окуя 8-март күнү түнкү саат 3:30дар чамасында болгон.
Учакта каза болгон 5 кишинин сөөгү куткаруучулар тарабынан чыгарылып, алар кызматтык унаасына салып алып кетишкен.
Учурда эмне себептен учак кулап түшкөнү тууралуу тергөө иштери жүрүүдө.