19-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп менен Бразилиянын лидери Жаир Болсонару Венесуэлага жардам берүү боюнча маселени талкуулашат

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-мартта Бразилиянын лидери Жаир Болсонару менен жолугат. Бул тууралуу Американын Ак Үйүнүн басма сөз катчысы Сар Сандерс билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Трамп менен Болсонару Американын Ак Үйүндө жолугушат. Эки лидер коопсуздук жана демократиялык маселелерди талкуулашат.
"Лидерлер ири экономикалык кызматташуудагы мүмкүнчүлүктөрдү, улуттук кылмыштуулукка каршы күрөш жана Венесуэладагы демократияны калыбына келтирүү иштери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Мындан тышкары алар АКШ менен Бразилия Венесуэланы оор кырдаалда колдоого алып, гуманитардык жардам берүү тууралуу талкуу жүргүзүшөт", - деди Сар Сандерс.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gute
2019-03-09 14:49:36
Бузукулар Демократиянын атын жамынып алып канчалаган мамлекетти талкалашты. Эми "Американын марионеткасы" Гуаидону колдошуп Венесуэланы талкалап жатытышат.
0
Avrora2017
2019-03-09 22:23:26
Венесуэланы кытай сатып алып койгон эчак эле , эч ким кирише албайт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан