
Колумбия мамлекетинин DC-3 үлгүсүндөгү учагы жерге кулап түшүп, анда болгон адамдардын баары тең каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 12 кишинин өмүрүн алган кырсык 9-мартта эртең менен орун алган. Учактан өрт чыгып, жерге коно албай кулап түшкөн. Андагы өрт аэропорттон эле башталган. Бирок экипаждын мүчөлөрү аны байкаган эмес. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери изилденип жатат.
Учак Сан-Хосе-дель-Гуавьяре шаарындагы Laser компаниясына таандык.