Ырчы Айдана Деканын кыз узатуу тою өтүүдө. Ага Аваз Акимовдун апасы сөйкө салды

Бүгүн, 10-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Аваз Акимовдун сүйүктүүсү, ырчы Айдана Деканын кыз узатуу тою өтүп жатат. Тойдун башталышында алгач залга Аваз Акимов кирип, артынан Айдана Деканы атасы алып кирди. Андан соң Акимовдун апасы, Айдана Декага сөйкө салып, ак батасын берди.

"Тойго даярданып жүргөндө көп байкалган эмес. Бүгүн жүрөгүм дүкүлдөп согуп, башкача толкунданып жатам. Бул, албетте, кубанычтын сезимдери. Жакшы көргөн адамыма турмушка чыгып жатканыма бактылуумун жана бардык кыздарга ушундай бакытты каалайм", - дейт Айдана.

Айдана Деканын колун Аваз Акимов чогуу өткөргөн концертте, 14-февралда сахнадан сураган.

Айдана Деканын кыз узатуу тою өтүүдө
Айдана Декага Аваз Акимовдун апасы сөйкө салды
"Аваз айылда жашайлы десе макулмун". Айдана Деканын кыз узатуу тоюнан репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nostalgia
2019-03-10 19:39:04
Акыры сойко салыптыр да. Бактылуу болгула!!!
+5
Abdizhapar
2019-03-10 20:12:04
Бул жерде chanel дин не тиешеси бар
+16
Moskow83
2019-03-10 20:19:28
Бактылуу болсун эки жаш!Туболук суйуу каалайбыз. Айдана жабык эле койнок кийбепсинда, биротоло эле заманбап болуп кетпей. Сахнада, башка жакта кийе бересин андай кийимдерди. Бул жерде экоон учун ушунча адам чогулуп жатат.Алардын катарында биринчи жолу кайын атан, кайын энен мн корушуп жатасынар. Туболукко бел байлап. Кантседа ата бабалар аздектеп сактап келген каада- салттарыбыз бар. Кыргыздын кызы ийкемдуу, сылык, уялынкы болчу эле.Тилекке каршы андай сапаттар барган сайын комускодо калды
+13
bond02
2019-03-10 21:30:00
2в1 Шанельди реклама кылганча.
+8
Skarlett-Skarlett
2019-03-10 22:10:43
bond02,хаха туурв
0
Makul
2019-03-10 21:34:33
Бактылуу болушсун албетте!!! Бирок Айдана ыймандуураак кийинсе болмок экен. Төшү жабык. Тем более карапайым эле жакшынакай жерге баратканда. Энеси айтыш керек да билбесе
+7
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-03-10 23:35:01
Такая нежная.Бактылуу болгула.
+1
munar1980
2019-03-11 03:06:50
Бактылуу болушсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан