Американын Аризона штатында зоопарктагы кабылан сүрөткө түшүп жаткан аялга кол салды

Американын Аризона штатында зоопарктагы кабылан сүрөткө (селфи) түшүп жаткан аялга кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Күбөлөрдүн айтымында, аял атайын орнотулган тосмонун үстүнө чыгып, жаныбарга жакын туруп сүрөткө түшүп жаткан.
"Ошол учурда кабылан тосулган тор тосмодон колун чыгарып, аялды урганга жетишкен. Сүрөткө түшүп жаткан аял жерге катуу жыгылган. Тосмонун сыртында жырткыч жаныбарлардын жанына жолобогула деген эскертүү жазылып турган. Бирок эмнегедир аял тосмонун үстүнө чейин чыгып алды", - деп айткан күбө.
Маалыматка ылайык, кабылан кол салган аялды ооруканага алып барып, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөрүшкөн. Дарыгерлер ал жерге жыгылганда жаракат алганын айтышып, бирок мындай жаракат аялдын өмүрүнө коркунуч алып келбейт деп жыйынтык чыгарышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pchelka85
2019-03-11 09:22:04
"Олоор эчки койчунун таягына суйконот"")))) деп койчу беле
+5
Tyty1990
2019-03-11 10:52:02
Pchelka85, азыр суйконбойт, смс жазат
-1
Bahtee_193
2019-03-11 10:48:32
Эмне кабылан деген?
-2
Aza17
2019-03-11 10:54:43
Bahtee_193,кабылан деген (черная пантерра)
+1
senchi
2019-03-11 14:09:05
Bahtee_193,Кабылан деген мурду узуун пилдикиндей,сууда жашайт(тамаша) мышыктардын эң чоңу.
0
bond02
2019-03-11 11:24:10
Ырас болуптур да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан