8-март күнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында "Көчмөндөр ааламы" фестивалына даярдануу учурунда Кыргыз жеринен барган каскадёр Асланайым (Светлана Аширова) оор жаракат алган.
Маалыматка ылайык, Асланайым циркте өзүнүн кесиптеши экөө ат менен жарышып жүргөн. Анын капталынан дагы бир атчан келип сүзүп, жыйынтыгында кыргыз каскадёрунун оң буту сынып кеткен. Учурда ал Сауд Арабиядагы ооруканалардын биринде жатат.
Бүгүн, 11-мартта Асланайымга Эр-Рияддагы ооруканалардын биринде операция жасалат. Бул тууралуу ал өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты. Ага ылайык, операция Сауд-Арабиянын убактысы боюнча саат 8ге белгиленген.
"Мен силердин тынчыңарды алып, жүрөгүңөрдү ооруткан болсом кечирим сурайм. Менин мекендештерим, сиздердин колдооңуздарды сезип жатам, бул үчүн абдан ыраазымын. Бутум сынган күндөн тартып ооруну басаңдатуучу эң күчтүү уколдорду сайып жатышты. Бирок ага лимит бар экен, кээде укол саюудан баш тартып жатышты.
Катуу ооруп жатат. Сиздер канчалык ооруп жатканымды элестете албайсыздар, мындан тышкары бул абал тууралуу түрдүү маалыматтар тарады, мен окуп жатам", - деген ал 11-мартка караган түнү жазган билдирүүсүндө.
Ошондой эле айрым маалымат каражаттары Айнура Т.га (ред.билдирүү ээси жазган боюнча калтырылды) таянуу менен "Мени атка уруксатсыз минген деп жазып жатышат, бул саткынчылык катары сыпатталат" деп белгилеген.
"Айнура Т, сырттан караган адамга бул өзүңүздү коргоп жаткандай ойду жаратат экен. Ооба, болуп өткөн окуяга эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт, бирок калп айтуунун эмне кереги бар? Мен бирөөнүн колун да уруксатсыз кармабайм, бул жерде болсо тартип катуу, полиция бардык объектти кайтарып турат, анан кантип мен уруксатсыз ат минем?
Өзү уруксатсыз ат минип алып, ат көрүнгөн нерсеге урунуп, анын ооздугун тарта албай калган, анан буту сынган деп жазышты. Эми эртең мени мас болчу деп чыгышат. Бул эмне деген көрүнүш? Мен бардык тукумдагы атты мине алам жана ат мингенди мыкты өздөштүргөм.
Мен Кыргыз өлкөсүнөн желегибиз менен, "Салбуурун" федерациясынын командасы менен биргеликте биздин улутту мыкты тараптан көрсөтүү үчүн жүзүмдөгү жылмаюу менен учуп келдим. Бирок бул окуяны атайын кылган жокмун. Ушундай болуп калды, ал кыз жабыркап калбасын деп ушундай кадамга бардым, болбосо абал мындан жаман болмок. Арабдар ооруканага келип "менин аракеттеримден улам ал кыз болгону бир аз чочуп калды, бирок эч кандай жаракат алган жок деп" айтып жатышат. Айнура.Т, сиз ооруканага келген жоксуз, менин кандай ооруп жатканымды көргөн жоксуз, анан кантип интервью берип жатасыз?
Мен кадимкидей ылдамдык менен, кадимки жолдо бара жаткам. Атты токтотуучу жерде дагы бир кыз ат минип туруптур. Анын сол тарабында шейхтин унаасы, дагы бир аял турган. Акыркы секунддарга чейин ат минген кыз жабыркабаса экен деп жаныбарды башкарып бараттым, анын жыйынтыгында менин бутум сынды. Элестетип көрсөңүздөр, ат менен барып аны сүзгөндө, сокку анын курсагына же бетине тийсе эмне болмок? Мен ага жеткенге чейин жолдон кач деп кыйкырып бараттым, бул болгону бир нече секундга созулду. Жыйынтыгында эсимди жоготтум, көп нерсени эстей албайм. Эсиме келерим менен ошол кыз аманбы деп сураптырмын. Абдан катуу нес болдум.
Бул кырдаал 8-март күнү болду, ал күнү мени менен чогуу 3 мекендеш мырза, куратор Елена жүрдү. 9-мартта Саадат менен калдым. Ал күнү мага бир да дарыгер кирген жок. Дарыгерлер ооруканада жок болушту. 10-мартта Этно оюндар конфедерациясынын башчысы Аскат Акибаев баш болгон бир катар адамдар келишти. Элчиликтен жана араб тараптан да келишип, эң жакшы ооруканага которуу аракеттерин көрүштү. Алар менин бутумду сактап калуу аракетин көрүп жатышат. Бардыгыңыздарга колдоо үчүн рахмат", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.