8-март күнү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында "Көчмөндөр ааламы" фестивалына даярдануу учурунда Кыргыз жеринен барган каскадёр Светлана Аширова (Асланайым ) оор жаракат алган. Бул тууралуу Акшин Жанузаков аттуу интернет колдонуучу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Асланайым циркте өзүнүн кесиптеши экөө ат менен жарышып жүргөн. Анын капталынан дагы бир атчан келип сүзүп, жыйынтыгында кыргыз каскадёрунун оң буту сынып кеткен. Учурда ал Сауд Арабиядагы ооруканалардын биринде жатат.
"Асланайым кырсыктан кийин өзүн жоготуп, бир күндөн кийин эсине келди. Бирок азыр дагы бат-баттан эс-учун жоготуп жатат. Ал жаткан ооруканага Кыргыз делегациясынан бирөө келип абалын сурап койгон жок. Биздин сыймыгыбыз болгон эр жүрөк кызыбызды сактап калуу үчүн жардам берүүбүз керек. Аны Кыргыз мамлекетине же Түркияга алып барып операция жасатууга каражат керек", - деп жазат Жанузаков.