Бишкекте Кыргыз Республикасынын судьяларынын 11-курултайы өтүп жатат

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын судьяларынын он биринчи курултайы өтүп жатат. Ага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да катышууда. Курултай сот системиндеги акыркы жылдары аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулуп, мамлекеттик гимн менен ачылды.

Жаңы жылдан тарта жаңы кодекстердин жана жаңы мыйзамдардын нормалары менен жашай баштадык. Сот системи таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Эскиче жашоону каалагандардын каршылыгы, саботаж кылгандар да болбой койгон жок. Азыр да өлкөбүздүн жаңы укуктук мейкиндикке өтүү процесси айрым тоскоолдуктар менен коштолуп келет.

Бизде башка жол жок, алган багытыбыздан тайбайбыз, реформаны аягына чыгарабыз. Кандай гана реформа болбосун, кыйынчылык менен ишке ашат. Албетте, оош-кыйыштар, айрым кемчиликтер болбой койбойт. Аларга жол бербеш үчүн туура чечимдер кабыл алынышы керек.

Карама-каршылыктарды жоё билип, мыйзамдарды туура пайдаланып, түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү керек. Бизде көптөгөн көйгөйлөрдү мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу чечүүгө көнгөн. Ошол себептен реформалар кагаз жүзүндө калып жатат. Көп иштер мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу эмес, уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү аркылуу чечилет. Жогорку Соттон Кодекстерди, мыйзамдарды пайдаланууда келип чыккан маселелерди создуктурбай, ыкчамдатып чечүүнү өтүнөм”, - деди курултайда сөз сүйлөгөн президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан