Апасын жерге берүү зыйнатына катышкан мурдагы депутат Садыр Жапаров Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы жазасын өтөп жаткан №1-абакка кайта элек. Бул маалыматты бүгүн, 11-мартта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы тастыктап, учурда Жапаров кайсы жерде экендигин айтты.
Маалым болгондой, экс-депутат азыркы тапта Ысык-Көл облусундагы убактылуу кармоочу жайда.
"Мекеменин атайын техникасы аймактарга жумасына бир жолу эле каттагандыктан Жапаров азырынча келе элек. Бир апта ичинде убактылуу кармоочу жайдан №1-абакка алып келинет", - деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова Бишкектеги ооруканалардын биринде 7-мартта каза болгон. Аны жерге берүү зыйнаты Түп районунун Кең-Суу айылында өткөн. Буга чейин 2017-жылы анын атасы каза болгондо жаназасына катышууга уруксат берилген эмес.
Садыр Жапаров 2017-жылы "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.