Сооронбай Жээнбеков сотторго бейиш жана тозок тууралуу айтып берди

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын судьяларынын 11-курултайында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков соттор жөнүндө хадис айтып берип, кандай иштегендер бейишке жана кимдер тозокко барарын айтты.

Курултайдын жүрүшүндө өлкө башчы адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жоопкерчиликке тартылгандыгы жана канчасы кызматынан кол жууганы тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө соттордун жоопкерчилиги тууралуу да кеп козгоду.

Мен бүгүн Мухаммед пайгамбардын соттор жөнүндө хадисин айтып берейин деп чечтим. Хадисте соттун үч түрү бар, алардын экөө тозокко, ал эми бири бейишке кирет. Эгер сот акыйкаттуу чечим чыгарса, анын орду бейиште болот. Ал эми чындыкты билип туруп, акыйкатсыз чечим чыгарган соттор тозокко кирет. Эч ким сиздердин чечимди жокко чыгара албайт, мен дагы. Сиздердин эсиңиздерде болуш керек, жашоо кыска, баарыбыз Кудайдын алдында жооп беребиз”, - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан