25-июлда Бишкектеги “Туңгуч” театрында ырчы Гүлзада менен Якутиядан келген ырчылардын концерти болуп өттү. Коноктор Кыргызстанга Гүлзаданын чакыруусу менен келишип, 1 жарым сааттык “Табият үнү” аттуу концерт тартуулашты. Тоолуу шориялык Чылтыс Таннагашева, якутиялык Юлияна Кривопашкина жана Саарын аттуу ырчылар Гүлзада менен биргеликте көрүүчүлөргө байыркы кыргыз жана Эне-Сай элдеринин маданиятын обонго салып, жандуу үн менен элестүү чагылдырышты. Көрүүчүлөр жагымдуу концертке күбө болушуп, ар бир аткарылган чыгармага кол чаап отурушту.