Алтынай Өмүрбекова: "1-майга чейин оор шартта жашаган балдардын бирдиктүү маалыматтар базасы иштелип чыгышы зарыл"

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 11-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегия жана медиапланды, ошондой эле жашы жете электерге карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин өркүндөтүү тууралуу тегерек столдун резолюциясынын долбоору каралды.

Белгилүү болгондой, балдарга карата зордук-зомбулуктун жана катуу мамиленин алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегия жана медиаплан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "2018-2028-жылдарга карата үй-бүлө жана балдарды коргоо" программасын аткарууга багытталган.

"Коомдо балдарды күч колдонуп тарбиялоо ыкмалары жайылган. Зомбулук ачык көрүнүп турса да үй-бүлөнүн ишине киришпөө белгилери байкалат. Адамдар балдарды зордук-зомбулук менен тарбиялоого чыдап, андай мамиле кылбоого тийиш. Мындай жүрүм-турум түрү жалпы коомдо калыптанышы керек. Бул үчүн бардык ресурстар жана колдо болгон аянтчалар тартылышы кажет", - деди вице-премьер.

Мындан тышкары, Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ушул жылдын 1-майына чейин кыйын жашоо кырдаалындагы балдардын бирдиктүү маалыматтар базасы иштелип чыгышы зарыл экендигин маалымдады.

База онлайн режимде иш алып барып, ага тийиштүү мамлекеттик органдар кошулат, натыйжада бул мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугуна алып келет.

"Жалаң гана кургак статистика менен чектелүүнүн кажети жок. Кыйын кырдаалда калган балдар менен иш алып барууда, укук бузуулардын алдын алууда кайсы мамлекеттик орган кандай кемчиликтерди кетирип жаткандыгы боюнча тыкыр талдоо жүргүзүлүшү кажет. Балдар – биздин келечегибиз. Алар үй-бүлөсүнүн жана ата-энесинин кароосуз калган учурда мамлекет камкордукту өзүнө алып, алардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүүсү керек", - деди вице-премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан