Депутат Кожобек Рыспаев: “Сот процесстер видеокөзөмөлгө тартылышы керек”

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин, 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди.
Ал Кыргыз мамлекетинде сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу үчүн отурумдар жана чечимдер ачык болушу керек экенин айтты.
”Негизинен сот эч кимге көз каранды болбошу керек. Бирок аларга эркиндик берилсе чектен ашып кетишет. Тактап айтканда, элдин чөнтөгүнө кол салып, оңдон солго ала башташат. Ошондуктан сот отурумдары ачык болушу зарыл. “Коопсуз шаар” долбоорундай кылып, сот процесси жүрүп жатканда видео көзөмөлдөөчү камералар турушу шарт. Алардын ишин коомчулук көрүп турушу керек. Мына ошондой жолдор менен сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарса болот. Тилекке каршы, "соттордун ишин ушундай кылсак жакшы болот эле" деп айтсаң жакпайсың”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Таабалды Тиллаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана жактоочу Нурбек Токтакуновдун пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан