Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын сотторунун XI курултайы өттү. Анда соттор тарабынан адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип жатканы айтылды. Акыркы 2 жыл аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 сот кызматынан бошотулуп, 26 сот тартип жоопкерчилигине тартылган.
Бүгүнкү курултайга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин, 5-мартта Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, соттор коррупциялык элементтерден тазаланып, ачык-айкын ишмердик жүргүзүп, жарандардын адилеттүү сотко ишенимин кайтарышы керектигин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков Жогорку Соттун төрайымына "Сот адилеттүүлүгүнө элдин ишенимин кайтаруу керек" деди. Канткенде бийлик сот адилеттүүлүгүн орнотуп, элдин ишенимин кайтарат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жооп берди.

Эл өкүлү сот системиндеги коррупциянын өлкөнүн экономикасына гана эмес, башка маселелерге да түздөн-түз терс таасири тийип жатканын айтты.
“Дүйнөлүк практикада мыйзамда соттор көз карандысыз болот. Булар өздөрүн-өздөрү оңдоого барышы керек. Тиешелүү органдар тарабынан да, коомдук көзөмөл да керек деген ойдомун. Соттун чыгарган чечимине анализ жүргүзүү керек. Биринчи, экинчи, үчүнчү инстанцияда соттун чечими кандай өзгөрүп жаткандыгын да көзөмөлдөө зарыл. Бул жаатта маселелер көп, мисалы акыркы мезгилдеги бир катар сотторго кылмыш иштери козголду, бул багытта дагы жумуштарды жүргүзүү учурдун талабы. Себеби андагы коррупциянын таасири өлкөдөгү экономикага, башка маселелерге да түздөн-түз тийип жатат. Бизде сотторго ишеним жок болсо өлкөгө инвесторлор да келбейт. Бул албетте өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет.
Мына бүгүн Соттордун курултайы болуп өттү. Эл эле эмес, курултайда өлкө башчы да көпчүлүк сотторго элдин ишеними жок экенин айтты. Себеби чечимдери саботаж катары кабыл алынган. Соттор көз карандысыздыкка ээ болгондугуна байланыштуу алардын чечимдерине мамлекет аралаша албайт. Көз карандысыздыкты алып, элдин көйгөйүн чечпей эле, өздөрүнүн көйгөйүн, жеке кызыкчылыктарын же башка өзүнө тиешелүү иштерин чечүүгө аракет болууда. Бул жеке менин эмес, көпчүлүктүн пикири. Баары эмес бирок соттордун көпчүлүк чечимдери шайкеш келип жатат. Ошол эле абакта отургандардын 50 пайызга жакыны мыйзамсыз чечимдерден улам соттолгондор деп айтылат. Бул жагдай сөзсүз түрдө биринчи кезекте мыйзамды сактабагандыгынан, мыйзамдан, Кудайдан коркпогондугунан кабар берет”, - дейт Тиллаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, экс-депутат
Равшан Жээнбеков, укук коргоочу
Рита Карасартова жана жактоочу
Нурбек Токтакуновдун пикири бул
шилтемеде.