2070-жылга чейин адам баласынын иш аракеттеринен улам жаныбарлардын 1 миң 700 түрү жок болуп кетиши мүмкүн. Мындай маалымат АКШдагы Йел университетинин окумуштууларынын жасаган изилдөөсүндө айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жоголуп кетүү коркунучунда Индонезиядагы бака, Судандагы эчкилер, Бразилия, Аргентина жана Уругвайдагы канаттуулар жана башка миңдеген жаныбарлардын түрлөрү бар.
Жаныбарлардын Жер планетасынан жок болуп кетишине себепчи катары адам баласы экени айтылат. Окумуштуулар адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан факторлор салыштыргыс кыйратуучу күчкө ээ экенин жазышкан.
"Албетте, бир экосистемди толугу менен жок кылып салган жаратылыш кырсыктары болуп келген. Бирок адамдар жаратылышты пайдаланам деп аша чаап кетишти. Мунун айынан миңдеген жаныбарлар жок болуп кетиши ыктымал", - дешет изилдөөчүлөр.
Табият үчүн эң кооптуу көрүнүштөрдүн бири "жердин өпкөсү" аталган токойлордун жок болушу экени белгиленген.