Белгилүү мушкер Конор Макгрегор АКШда камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 11-мартта АКШнын Майами шаарында ирландиялык мушкерди полиция кызматкерлери кармап кеткен. Буга мушкерди сүрөткө тартууга аракет кылган күйөрманына кол салып, уюлдук телефонун сындырып койгону себеп болгон.
Учурда ал бейбаштык боюнча айыпталып жатат. Сынган телефондун баасы 1 миң долларга бааланууда. Макгрегорго келтирилген чыгымдарды төлөп берүүдөн сырткары административдик айып пул салынып, андан кийин бошотулары күтүлүүдө.
Макгрегордун акыркы жолу өткөн жылдын аягында орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, UFC`деги 2-жолку жеңилүүгө дуушар болгон.