Бүгүн, 12-мартта Бишкекте 2016-2017-жылдардагы саясий репрессиялардын себебинен жана сабактарын талкуулаган жарандык форум өтүп жатат. Аталган форумда саясий куугунтукка кабылгандар өз баяндамаларын жасашууда.
Экс-губернатор Бектур Асанов мурунку бийлик кылбаган кылмышты моюнга салып, туткунга алганын айтты.
"Биздин бийлик кылбаган кылмышты жоюп, акташы керек. Мен азыркы бийликке толук ишенем. Биз акталып чыгышыбыз зарыл. Бул иш көпкө узабашы абзел. Эгерде андай болбосо саясат башка нукка бурулат. Коомдук пикир туура иштердин артынан ээрчийт деген ойдобуз. 2015-2016-жылдары бул иштер аткарылат деп күткөнбүз. Бирок бийлик алмашкандан кийин аткарылып жатат. Буга шүгүр дешибиз керек. Бизди камаган соттордун азыркы күндө дагы күчү бар. Ошондуктан биргелешип иш жасоо зарыл", - деди Асанов.