Сингапурдун аба коопсуздугу боюнча агенттиги Boeing 737 Max учагынын учуусун токтотту. Мындан ары учактын сөз болгон модели аталган өлкөгө учуп кире да жана чыга да албайт. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.
Сингапурда мындай чечимдин кабыл алынышына Эфиопиядагы 157 адамдын өмүрүн алган кырсык себеп болду. Ага чейин учактын ушул эле модели Индонезияда кулап түшкөн, анда 189 киши көз жумган.
Сингапур убактылуу тыюу салууну киргизгенге дейре АКШнын жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы Boeing корпорациясына бир катар талаптарды койгон. Аталган башкармалык Boeing 737 MAX 8 жана Boeing 737 MAX 9 учактарынын башкаруу системин жаңылоо керектигин айтууда. Boeing корпорациясы жакынкы апталарда Boeing 737 MAX'тин жүргүнчү ташыган бардык учактарына жаңы программалык камсыздоо орнотуларын билдирди.
Boeing 737 Max - бул корпорациянын Boeing 737 сериясындагы учактардын төртүнчү мууну болуп саналат. Бул моделдеги биринчи учак 2017-жылдын май айында буюртмачыга жеткирилген. Boeing 737 MAX 8 - аталган корпорациянын тарыхындагы эң көп сатылган учак. 2019-жылдын башталышында эле мындай учактарга түшкөн буюртманын саны 4500дөн ашкан.