Интернет айдыңында тарап жаткан ар кандай акциялар, челленждер, флешмобдор адам баласына же болбосо айланага эч кандай деле пайда алып келбестигин көпчүлүк жакшы билет.
Мындай акциялардын айынан адамдар кандайдыр бир кырсыкка кабылып же болбосо өмүрү менен кош айтышкан фактылар дүйнө жүзүндө жүздөп катталарын жалпыга маалымдоо каражаттары дайыма жазып келишет.
Ал эми бул ирет башталган челленж көпчүлүктүн суктануусун жаратып, көптөгөн колдоочуларды тапкан. Челленждин негизги максаты таштандыга толгон жерди тазалап, ал жерди сүрөткө тартып #trashtag хештеги аркылуу социалдык тармактарга жарыялоо керек.
Аталган челленжди Манила булуңун тазалап чыккан ыктыярчылар баштаган. Алардын эмгегин төмөндөгү сүрөттөн көрсөңүз болот.