Катуу жааган жамгырдан кийин Бразилиянын Сан-Паулу шаарын суу каптады. Унаа жолдору дарыяга айланып, имараттар кулап баштаган. Анын кесепетинен 11 адам каза болгону маалымдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жекшемби күнү башталган жамгыр дагы 2 күн аралыгында жаашы күтүлүп жатканы айтылды. Жамгырдын көп жаашы шаарда баш аламандык жаратып, айрым көчөлөр жабылган. Мындан улам кээ бир унаалар жабылган көчөлөрдөн чыга албай калышкан.
Айрым басылмалар Mercedes-Benz`ге таандык жүк ташуучу автоунаа жана автобус чыгаруучу заводду суу каптап, завод ишин токтотконун жазышты.