"Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттан кабарлашты.
Ал эми 2007-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Тышкы саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту деп табылды. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңы концепцияны кабыл алуу эл аралык жана интеграциялык тенденциялардын динамикасы, глобалдаштыруу процесстери, коопсуздук чөйрөсүндөгү абалдын өзгөрүүсү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө менен шартталган.
Концепция Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү негиз болуучу саясий документ болуп эсептелет. Ал мамлекеттин тышкы саясий ишинин мазмуну, принциптери жана негизги багыттары тууралуу көз караштардын системин өзүнө камтыйт, анын негизги артыкчылыктарын аныктайт.