Samsung билерик кылып колго тагып алса боло турган смартфонду патенттеди

Samsung компаниясы билериктей кылып колго тагып ала турган смартфонду патенттеди. Мындай маалыматты Letsgodigitial басылмасы жазды. Аталган басылма патенттин негизинде смартфондун болжолдуу көрүнүшүн чийип жасап чыккан.

Тоголоктолуп бүктөлгөн телефонду түздөгөндө абдан узун болуп калат. Телефондун эки капталында майда бөлүкчөлөргө бөлгөн сызыктары бар. Бул сызыктар смартфондун бүктөлүшүн шарттай турган механизм. Ал эми телефондун эки башында билекке такканда бекип кала тургандай магнит орнотулган.

Уюлдук аппараттын арткы бетинде кубаттандыра турган USB-C тешигин жана 2 негизги камераны көрүүгө болот. Ал эми бармак издери аркылуу ачыла турган кулпусу Galaxy S10 смартфонунуку сыяктуу экрандын төмөн жагында жайгашкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Samsung компаниясы ийилме аккумулятор жана клавиатура бөлүгүн иштеп чыгуусу зарыл экенин жазат басылма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2019-03-12 18:53:27
Буюрса келинчегиме алып берем чыкса
+4
Sakubek
2019-03-12 21:15:00
Мен белге кемер кылып тагып ала турганы чыкканда алам
+9
Kuba-savai87
2019-03-13 00:35:42
Шумдугун кууур
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан