Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков 1975-жылдын 13-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында туулган.
Ал 1997-жылы Ош технологиялык университетинин "инженер-технолог" адистигин, 2000-жылы Ош технологиялык университетинин юридика факультетин, 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит факультетин, 2012-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-2005-жылдары "Алимбеков" биргелешкен ишканасынын директорлугунан баштаган.
2005-2006-жылдары Финансы министрлигинин жетектөөчү адиси;
2008-2010-жылдары жоопкерчилиги чектелген "Папан Курулуш" ишканасынын директору;
2008-2010-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун жетекчиси;
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
13-мартка карата жылнаама.