Орусиянын президенти Владимир Путинге көрүстөн орноткон активист 28 күнгө камалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 10-мартта Татарстандын Набережные Челны шаарынын Тергөө комитетинин алдында активисттер Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн эстеликти орнотуп кетишкен. Эстеликке орус президентинин толук аты-жөнү менен кошо "1952-2019" деген жазуу түшүрүлгөн.
Активисттер полиция тарабынан кармалып, шаардык сотко жеткирилген. Алардын бири Карим Ямадаев көрүстөндү орнотконун моюнуна алып, мындай кадамга интернеттеги көзөмөлдү күчөтүү боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамдарга каршы экендигин билдирүү үчүн баргандыгын айткан.
"Мыйзамга ылайык, ар бир адам өз оюн эркин жеткирүүгө укуктуу. Мындай кадамым менен интернеттеги эркиндикти чектеп жаткан президентке каршы экенимди белгилегим келди", - деп билдирген Ямадаев.
Шаардык сот активистти 28 суткага камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ага жардамдашкан таанышы Рузиль Мингалимовду 6 суткага абакка кести.