Саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык калдыктарын тейлөө укуктук жактан жөнгө салынууда

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеӊештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык калдыктарды жана медицина багытындагы сымаптуу буюмдарды тейлөөнү укуктук жөнгө салуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү" мыйзам калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган.

"Медициналык уюмдарда калдыктарды жана анын багытындагы сымаптуу буюмдарды коопсуз тартипте жүгүртүү боюнча эрежелерди жөнгө салуу керек. Анын жыйынтыгында ченемдик укук актыларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бере турган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл", - деп маалымат берилди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев мурда сымап камтылган буюмдарды өлкө аймагына мамлекеттик органдар гана алып келгенин билдирди.

"Акыркы мезгилде жеке жактар да алып келе баштады. Ошондуктан мамлекет алардын абалына көзөмөлдү күчөтүшү керек", - деди Каратаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан