Орус ырчысы Олег Газманов сахнада бийлеп жатканда пол сынып, ал анын астына түшүп кетти деген видео тарады

"Орусиялык ырчы Олег Газманов концерт учурунда пол сынып, ал анын астына түшүп кетти", - деген видео тараганын чет элдик маалымат булактары жазды.

Видео Украинанын Донецк шаарында темир жолчулардын күнүнө карата өткөн концерт учурунда тартылганын жергиликтүү маалымат булактары жазган. Айрым басылмалар сахна чириген тактайдан жасалганы үчүн ырчынын салмагын көтөрө албай сынып кеткенин жазышкан.

Ырчы бул окуядан кандай жаракат алгандыгы тууралуу маалыматтар жок экени белгиленген. Бирок кийинчерээк аталган видео монтаждалганы жана ал чет элде тартылганы белгилүү болгон. Кээ бир маалыматтар боюнча бул көрүнүш Бразилияда орун алган. Полдун астына бразилиялык ди-джей түшүп кеткен.

Олег Газманов сахнада бийлеп жатканда пол сынып, ал анын астына түшүп кетти деген видео тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
titanik32
2019-03-13 18:29:22
Бул Газманов эмес,бул түшүп кеткен адам толугураак толстый экен.
0
titanik32
2019-03-13 18:30:02
Видео монтаж экен,точна эле корүнүп турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан