"Вице-премьер же Чек ара кызматынын тиешелүү жетекчилери чек арадагы абал жөнгө салынмайынча Баткенге барып жашашсын, ошондо маселе чечилет", - деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
"Дастан Артисбекович, Баткендеги болуп жаткан чек ара маселесин өз көзөмөлүңүзгө алсаңыз. Суранып жана чакырып кетем, жакынкы күндө бир катар депутаттар менен чек ара айылдарына барып абал менен жеринен таанышсаңыз. Биздин негизги ишибиз, элдин көйгөйүн угуу жана аны чечүү болуп саналат.
Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып айткым келет, силер өрт өчүрүүчүлөрдүн ролун аткарып калдыңар. Бир ай мурун бул маселени көтөргөм, суу, жол, шагыл маселеси көтөрүлөт деп айткам. Чыр-чатактын баары болбогон шагылдын айынан башталды. Вице-премьер же тиешелүү Чек ара кызматынын жетекчилерине кайрылам, биздин негизги чечилбеген аймак болуп Баткен облусу саналат. Ал жакта абал жөнгө салынмайынча ошол жакта штаб ачып, Баткенде отурушсун. Биздин жетекчилер ошол жерге барып жашашсын, балдарын ошол жактагы мектептерге окутушса бул маселе бат чечилет деп ойлойм.
Андан сырткары, чыр-чатак чыккан айылга айыл статусун бергенбиз, бирок бир дагы моралдык жана финансылык жардам бербей жатабыз. Ал жерде пенсиясына, айлык акысына жана жөлөк пулуна кошумча акча төлөө болбой жатат. Ал эми коңшу мамлекет ошол шарттарды жарандарына түзүп берүүдө. Кийинки жумада жыйында бул маселе каралат дебей чечүү керек", - деди депутат.