Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал турукташа баштады"

Кыргыз-Тажик чек арасында абал турукташа баштаганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Салкын Абдыкарыеванын айтымында, бири-бирине таш ыргытуу токтоп, эки өлкөнүн жарандары өз өлкөсүнүн аймагына киргизилди.

"Учурда абал турукташа баштады десек болот. Таш ыргытуу токтоп, Тажикстандын жарандары өз өлкөсүнүн аймагына, ал эми биздин жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына киргизилди. Учурда ортодо чек арачылар аларды таркатуу аракетин көрүүдө", - деди Абдыкарыева.

Чыр болуп жаткан Орто-Боз айылынын тургундары бир адамга ок тийип ал ооруканага жеткирилгенин айтышууда. Бирок муну Салкын Абдыкарыева тастыктаган жок.

Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканын тастыктаган. Анда бир кыргыз жаранына таш тийип ооруканага жеткирилсе, саат 21:40тан баштап күчөтүлгөн тартип киргизилген.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
expert.007
2019-03-14 00:09:39
Эмнеге жалган маалымат таратып атасыңар абал турукташа баштады деп. Коргоо министирлиги эмнени карап турат Өзгөчө абалды киргизсин, бүт куралдуу күчтөрдү Баткенге алып барсын
+8
Chungyz
2019-03-14 00:30:52
Граница жапкыла
+3
Aktilek2
2019-03-14 01:21:51
Бийлик чек араны чечмек беле гей-парадты колдоп отурушат гейлери
+7
patiydin
2019-03-14 04:43:33
Рахмат! Баткен ороонунун элдерине! Ушул Эл кыргыздын жери деп ушул кунго чейин талашып келе жатат. Биздин чондор чонтогу, креслосу, гейлери менен Алек.
+6
joke81kg
2019-03-14 09:58:05
21.30 да турукташпайле 23.30да тажиктер границадагы уйлорду куйгузупататтар
+2
Mamiev
2019-03-14 10:17:55
Ворух деп бул Кыргызстандын аймагында жайгашкан тажиктердин жери. Кыргызым ушунчалык да байкуш болосунбу.Картадан карагылачы Баткендин ортосунда жайгашкан Ворух
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан