Кытайдагы Лоян шаарында экзаменден эң жакшы эмес баллды алып калган уулунан апасы баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, эне-баланын ортосундагы жаңжал шаардагы көчөлөрдүн биринде орун алган. Басылмалардын күбөлөргө таянып жазганына караганда, аял 12 жаштагы уулун окууда жакшы баа ала албагандыгы үчүн жемелеп, тилдеген. Андан кийин баласын сабаганга өткөн.
"Аял баласын көчөгө таштап өзү унаасына отуруп айдап кеткен. Бир нече убакыттан кийин, ал баласына кайра келбегендиктен жолдон өтүп бара жаткан адамдар полицияга кабар беришкен.
Бала апасынын мындай жоругун ал экзаменден апасы күткөн баллды ала албай калгандыгы менен байланыштырган. Полиция кызматкерлерине "апам 95 балл аласың деген, мен 81 балл алып калдым" деп айтып берген", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, полиция баланын апасына байланышып, баланы алып кете тургандыгын сураган. Бирок аял андан баш тарткандыгын билдирген.
"Ал мага эми керек эмес, эмне кылсаңар өзүңөр билгиле. Мага иш козгосоңор да болот", - деген ал.
1 сааттан кийин окуучуну туугандарынын бири алып кеткен. Азырынча апасы аны кайтарып алганы же албаганы белгисиз.