Кыргыз-Тажик чек арасында кайрадан абал курчуп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева кабарлады. Анын айтымында, учурда бири-бирине таш ыргытып жаткан элди таратуу аракети көрүлүүдө.
"Саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кетти. Ак-Сай айылынын Бакай аймагында эки өлкөнүн чек арага жакын турган 200гө жакын тургундары чогулуп бири-бирине таш ыргыта башташкан. Учурда эки өлкөнүн чек арачылары асманга ок чыгарып абалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бир адам жаракат алыптыр. Ал октон жаракат алдыбы же таш тийип жаракат алдыбы азырынча белгисиз", - деди Абдыкариева.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.