29-апрелде Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан жабыркаган айылдардын бири - Баткен районуна караштуу Достук айылы. Аталган айылдын жашоочусу Абдисалам Парманов учурда талкаланып, өрттөнүп кеткен короо-жайында жалгыз жүрөт. Үй-бүлөсү эвакуацияланып, Баткен шаарына жөнөтүлүп, учурда ошол жакта.
Пармановдун 5 баласы бар. Балдарынын келечегин түзүү максатында ишкерлик менен алектенип келген.
"6 жыл мурда жыгач устачылыгы менен цех ачкам, ага кошумча 3 жыл мурда брусчатка чыгаруучу дагы жабдыктарды алып, аны ишке киргизгем. Мен чыгарган эмерек, брусчаткалар Баткен районунун элинин керегине жарап жатты, эл үчүн дагы ыңгайлуу эле.
Бирок мен ишкерликти баштоо үчүн тобокелчиликке баргам, банктан 8 миң доллар өлчөмүндө насыя алып, аны үстөк пайызы менен 10 миң доллар кылып төлөшүм керек эле. Брусчатка чыгарган станок менен калыптары да карызга келген, акырындан иштеп кутулмакчы болгом. Бирок мынтип цех, үй, баарын Тажикстандан кол салып келгендер өрттөп жиберишти.
Жакында эле Портер унаамды дагы сатып, товар алам деп ишкерликке айландырып жаткан каражатка кошуп 700 миң сомду үйгө сактаган болчумун, жалпы 5 миллион сомдун тегерегинде чыгымга учуратышты", - деди Праманов.
Достук айылында 67 кожолук болсо, 10дон ашык үй-бүлө өрттөлгөн.
Ишкердин комментарийи 13:20дан башталат.