Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкарыеванын айтымында, алардын бири ооруканага жеткирилди.
"5-6 адам октон жаракат алды деген маалымат туура эмес. Алар Ак-Сай айылындагы эки тараптын таш ыргытуусу учурунда жаракат алышкан. Бир жаран алган жаракатынан улам Самарканд айылындагы ооруканага жеткирилди. Кечки саат 8ден бери Орто-Боз айылынын жанында Төрт-Көчө деген жеринде эки тарап бири-бирине таш ыргытып уруп жатышат. Натыйжада Орто-Боз айылындагы бир тургундун үйү күйүп кетти", - деди Абдыкарыева.